Воскресенье, 24 ноября

Түркияда Израилдин пайдасына тыңчылык кылган 34 киши кармалды

0

Түркияда Израилдин тышкы чалгындоо кызматы болгон Моссаддын атынан «эл аралык тыңчылык» иштерин жүргүзгөн 46 шектүүнүн өздүгү аныкталып, бул кишилерден 34ү кармалды. Эки күндөн бери жүргүзүлүп жаткан операцияларда кармалгандардын саны өсөт деп болжолдонууда.

Муну утурлай Түркиянын президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түрк Улуттук чалгындоо уюму MİT менен Коопсуздук башкы директорлугунун Израилдин чалгындоосуна каршы жүргүзгөн операцияларына байланыштуу президент Режеп Таййип Эрдоган: «Мындай нерсеге аракет кылгандар мунун кесепеттери өтө олуттуу болушу мүмкүн экенин унутпашы керек. Түркиянын чалгындоо жана коопсуздук тармагында жетишкен ийгиликтерин дүйнө жүзүндө билбеген адам жок», — деп айткан сөздөрү менен бөлүштү.

Алтун Түркиянын президенти Эрдогандын төмөнкү сөздөрүн да бөлүштү: «Бул алар Түркияны билишпейт дегенди билдирет. Алар түрктөрдү билишпейт. Бизди билишпейт. Эгер алар ушундай жаңылыштыкка батынышса, бул үчүн алар өтө оор чыгымды төлөй турганын билиши керек. Түркияда мындай кадамга батына турган болсо, кайра эч качан тура албай турган бааны төлөөгө дуушар болушат. Мындай аракет кылгандар анын кесепети өтө олуттуу болушу мүмкүн экенин унутпашы керек. Түркиянын чалгындоо жана коопсуздук жаатындагы жетишкендиктерин дүйнөдө билбеген эч ким жок. Анын үстүнө биз кечээ эле түзүлгөн мамлекет эмеспиз. Муну эч ким унутпашы керек».

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз