Воскресенье, 24 ноября

7-январдан тарта Орусияда мигранттар үчүн эрежелер өзгөрөт

0

Орусиянын Ички иштер министрлиги 2024-жылдын 7-январынан тарта бардык чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар патент алууда же жумушка орношууда толтурушу керек болгон билдирүүнүн формасын бекитти.

Кабыл алынган чечимде «Патент алган чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү жөнүндө билдирүү патент берилген күндөн тартып эки айдын ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органына көрсөтүлөт», — деп жазылат.

Билдирмени кол менен же компьютерден орус тилинде толтурса болору айтылды. Ага эмгек келишиминин же аткарган жумуш келишиминин көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш. Андан соң документ почта аркылуу же кагаз түрүндө ИИМдин аймактык бөлүмүнө берилет. Документти мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу электрондук форматта тапшырса болору кошумчаланды.
Буйрук ушул жылдын 7-январында күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз