Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган мамлекеттик желек өкмөт тарабынан толукталып бекитилгенин маалымдады.
Дайырбек Орунбеков бүгүн, 3-январда Фейсбуктагы расмий баракчасына мындай деп жазды: “Туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап акыркы вариантын токтом менен бекиткен”.
Буга чейин Интернет айдыңында Жогорку Кеңеш кабыл алган туу менен “Ала Тоо” аянтында илинген туунун айырмасы бар экенин жазып чыгышкан. Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп түндүктөгү чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан. Бирок “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.