Четверг, 23 июля

Чүй милициясы “Ала-Тоо” аянтындагыдан айрмаланган тууну илди

0

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдына Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинди. Кечээ башкармалыкта мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы өтүп, ага облустук милициянын жетекчиси Дамирбек Исаков орун басарлары менен катышты.

Чүй облусунун милициясынын социалдык түйүндөрдө жарыяланган сүрөттөрдө парламент кабыл алган тууну көрүүгө болот. Бирок мурдараак Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко мындан айырмаланган желек илинген.

Кечээ президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социадык баракчасына, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз