Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө 6-январдан тарта бир тараптуу болот, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.
Тактап айтканда, Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрү бир тараптуу болот.
Көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:
- Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);
- Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).