Суббота, 23 ноября

Зеленский: «Согуш талаасында тыныгуу болбойт»

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский кагылышууну токтотуунун Орусияга пайда алып келерин айтып: «Согуш талаасында тыныгуу болбойт»,- деди.

Зеленский Эстонияга сапарынын алкагында президент Алар Карис менен жолугушту.

Баш калаа Таллинде өткөрүлгөн жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Зеленский, Орусия менен согуш жана НАТО менен кызматташуу темаларына токтолду.

Зеленский согуштук аракеттерди токтотуу сценарийинин Орусияга пайда алып келерин билдирип: «Согуш талаасында тыныгуу болбойт, анткени мындай чечим Орусия Федерациясына пайда алып келет жана келечекте Украинага каршы согушту улантууга себеп болот. Бул кадам согушту токтотпойт, Орусия менен саясий диалогго да алып келбейт»,-деп айтты.

НАТО менен алака темасына да токтолгон Зеленский: «Биз Вашингтондогу саммитте НАТОго чакырылууга татыктуубуз. Киев бул кадамга даяр. Бул орус коркунучунун алдын ала турган эң мыкты коопсуздук кепилдиги болмокчу»,-деди.

Эстониянын президенти Алар Карис болсо НАТОго кирүү процессинин узакка созулганын эске салды.

Украинанын НАТОго мүчөлүгүнүн тездетилиши керектигин баса белгилеген Карис: «Бардык демократиялык мамлекеттер үчүн коргонуунун бирден бир жолу НАТОго кирүү», — деди.

Карис Эстониянын Украинага 2027-жылга чейин 1,2 миллиард евро жардам бере турганын айтты

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз