Москвада каза болгон кыргызстандык таксисттин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 10-январда министрликтин РФтеги өкүлчүлүгүнө Москва шаарында автоунаадан (Яндекс такси) болжол менен Кыргызстандын жаранынын сөөгү табылганы тууралуу малымат түшкөн.