Пятница, 10 мая

Ташиев аялдарга кайрылды

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин окуясына байланыштуу кайгыруу менен билдирүү жасады.

УКМК башчысы жаш келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгондугун айтып, жалпы кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды.

«Урматтуу кыз-келиндер!

Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!

Энелерди, аялдарды,кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!», — деп билдирүү калтырды Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз