Воскресенье, 28 апреля

Йеменде да согуш оту тутандыбы? (Видео)

0

Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британиянын учактары менен согуштук кемелери кечинде Йемендеги хусилер тобунун аскердик объектилерине кол салышты. Бул кол салуу Ирандын колдоосу менен Кызыл деңизде акыркы бир жарым айдан бери кемелерине аңчылык кылган хусилерге жооп катары жасалганы белгилүү болду.

Хусилердин өздөрү да бул чабуулду тастыктады. Америкалык жана британ булактарынын билдирүүлөрүнө ылайык, соккулар биринчи кезекте аэродромдорго, ошондой эле курал кампалары менен радарларга жасалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз