Вторник, 26 ноября

Иранда жоокер 5 жолдошун атып салды

0

Ирандын Керман шаарында бир жоокер 5 жолдошун өлтүрдү.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, Иран армиясынын түштүк-чыгыш аймактык штабынын командири Эмир Гуламалиян:«Биздин бир жоокер жатаканада өз шериктерин атып салгандыктан 5 адам каза болду»,-деди.

Кол салуунун себебинин азырынча белгисиз экенин белгилеген Иран командири, качкан кол салуучуну кармоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз