Ош шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо көп жылдан бери негизги көйгөй болуп келген жана бул маселе этап-этабы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечилип жатат. Бул тууралуу Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Бишкекте жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, I этапта эски иштебей турган 9 скважина калыбына келтирилип, жаңы 6 скважина бургуланып, суу чыгарылып, негизги суу түтүктөрүнө уланып, кошумча суткасына 24 миң куб суу алууга мүмкүнчүлүк жаралды.