Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы жер титирөөдөн 47дей үй толугу менен кыйрап, алты адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости «Синьцзян жибао» гезитине таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Аксу округунда жер титирөөнүн магнитудасы 7,1ге жеткен.