Среда, 27 ноября

Израиль Газада бир заматта 21 аскерин жоготту

0

Израиль армиясы блокада астындагы Газа тилкесинде уланып жаткан кагылышуларда 21 аскердин дагы өлтүрүлгөндүгүн маалымдады.

Израиль армиясынын катчысы Даниел Хагари пресс-конференцияда Израиль күчтөрүнө таандык бир танктын Газанын борбордук бөлүктөрүндө Израиль чек арасына жакын аймакта ракета аткыч менен бутага алынганын билдирди.

Хагари, ошол эле учурда кол салуу болгон аймакта эки имаратта жарылуу болуп, имараттардын урап түшкөнүн белгиледи.

Израиль күчтөрүнүн жарылуу болгон эки имараттын чинде жана жакынында болгондугун айткан Хагари кол салууда  21 аскердин каза болгондугун жана ушул кезге чейин  10 аскердин аттарынын билдирилгендигин белгиледи.

Хагари бул имараттарда болгон жарылуунун Израиль күчтөрү тарабынан жайгаштарылган жарылуучу заттардан чыккандыгы болжолдолуп жаткандыгын айтты.

Израиль армиясы азырынча сандарды жаңылабаса да  кургактыктан кол салуу башталган  28 —  октябрдан бери Газа тилкесиндеги кагылышууларда өлтүрүлгөн Израиль аскер саны  221ге жетти.

Ливандын чек арасы менен Батыш Шериадагы кагылышуулар менен кошо 7 — октябрдан бери каза болгон израилдик аскерлердин жалпы саны 556га жетти.

Ошол эле учурда Израилдин президенти исаак Герцог Газа тилкесинде израилдик 21 аскердин өлтүрүлүшүнө байланыштуу бүгүнкү таңдын «абдан оор» болгондугун белгиледи.

Коргоо министри Йоав Галлант да 21 израилдик аскердин өлтүрүлүшүнө байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

Газадан келген кабардан улам бүгүнкү таңдын өздөрү үчүн  «кыйын жана азаптуу» болгонун белгилеген Галлант шейит болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Галлант өлкөсүнүн Газага жасаган кол салууларынын Израилдин «ондогон жылдык келечегин аныктай тургандыгын» ортого салды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз