Понедельник, 29 июня

Борбор калаада автобус менен троллейбус сүзүштү (Фото)

0

Бишкектин Москва жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жана автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык бүгүн болжол менен саат 10:30да болгон. Жабыркагандар жок, бирок материалдык чыгым келтирилген.

Учурда троллейбус оңдоочу жайга, автобус айып короосуна токтотулду.

Инспектор кырсыктын чаа-жайын аныктоодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз