Пятница, 17 мая

“Сапаттын” мугалими окуучуну катуу күлгөндүгү үчүн урган

0
Баткен ОИИБи Кызыл-Кыядагы “Сапат” лицейинин мугалими окуучуну эмне үчүн сабаганын кабарлады.
Маалыматка караганда, 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 16 жаштагы окуучуну уктоочу бөлмөдө достору менен отуруп катуу күлгөндүгү үчүн коридорго алып чыгып, бетке урган. Окуя 22-январь күнү саат 22:30дар чамасында болгон.
Өспүрүмгө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, мугалим милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка окуучулардын ур-токмокко алынган-алынбаганы текшерилип, тергөө башталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз