Суббота, 27 апреля

ЖЭБде абал кандай? Акыркы маалымат

0

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда, деп билдирет ыкчам штаб.

Эртең мененки саат 09:00гө карата алынган ыкчам маалыматка караганда, учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт.

6 отказан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат.

Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин.

Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт.саат.

Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз