Воскресенье, 28 апреля

Ирандын президенти АКШ менен согуш качан болоорун айтты

0

Ирандын президенти Ибрахим Реиси  өлкөсүнүн согуш баштоону көздөбөгөндүгүн бирок  “зомбулукка” катуу жооп кайтара турганын айтты.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНА билдиргендей, Реиси Перс булуңунун жээгиндеги Хормозган провинциясына жасаган иш сапары учурунда коомчулукка кайрылуу жасады.

Реиси акыркы күндөрдө Америка Кошмо Штаттары менен күчөгөн чыңалууга токтолуп: «Согуш баштабайбыз бирок  ырайымсыз бир  өлкө же күч зомбулук кыла турган болсо, Иран  катуу жооп берет»,- деди.

АКШнын Иордания-Сирия чек арасындагы аскердик базасына  28-январда камикадзе учкучсуз учуучу аппарат менен жаслаган кол салууда  АКШнын  3 аскери каза болуп, 40тан ашуун аскер да жаракат алган.

Башта президент Жо Байден болгон жана АКШ жетекчилери кол салуудан Иран колдогон топтордун жооптуу экендигин айтып, АКШ каалаган убакта жана жерде жооп берилерин билдиришкен.

Иран бул кол салуу менен байланыштуу экендигин четке кагып : «Аймактагы каршылык көрсөтүү  күчтөрүнүн чечим жана аракеттеринде Ирандан көрсөтмө албайт», — деп билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз