Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Белгиленгендей, борбор КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы №448 токтомуна ылайык түзүлдү.
Борбордун максаты санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен өлкөнүн билим берүү системасынын инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат.
Мамлекеттик мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.
«Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесине 2024-2027-жылдарга карата төмөндөгү маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана оператор болуу тапшырылды:
— «Аттестаттар маалымат базасы»;
— «Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук тарификациясы жана штаттык расписаниеси»;
— «Акселератор»;
— «Мугалимдерди баалоо»;
— «БИМ».
КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 20-октябрындагы №540 тескемесине ылайык «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп Бабаев Бектурган Назарбекович дайындалды.
