Четверг, 23 апреля

Кыргызстанда банктар байып атат

0
Өткөн жылы Кыргызстандын банктары 24 миллиард 237 миллион сом өлчөмүндө таза киреше алган. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Буга чейин Банктар союзу 2022-жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго (2021-жылдагыдан беш эсе көп) жеткенин билдирген. Улуттук банкта 2022-жылдагы киреше деп бир аз башка сумма – 23,1 миллиард көрсөтүлгөн. Бул эсептөө системасынын түрдүүлүгүнөн улам болушу мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз