Четверг, 23 апреля

Волейбол боюнча өлкө чемпионатынын II этабы өтүүдө

0

Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын XVI чемпионатынын II этабы башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

5-февралда башталган мелдеш 11-февралга чейин созулат. Оюнга жогорку жана улуттук лиганын курама командалары катышып жатат.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана атайын чакырылган коноктор катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз