Четверг, 23 апреля

7-февралга карата күтүлгөн аба ырайы

0

Кыргызгидромет борбору өлкөдө 7-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, кечке жакын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7…+12 градус, Талас облусунда +5…+10, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда -2…-7 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы +10…+12 градус болушу күтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз