Суббота, 6 июня

Кепилдик фондунун кирешеcи өсө баштады

0

Кепилдик фондунун 2023-жылдагы киреше көрсөткүчү экинчи жолу 400 млн сомдон ашты, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча таза киреше 418,5 миллион сомдон ашты. Бул көрсөткүч мурунку рекорддук көрсөткүчтөн – 2022-жылы белгиленген 411 миллион сомдон жогору болду.

«Кирешенин жыл сайын өсүп жаткан көрсөткүчтөрү, ошондой эле бизнестин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүп жатышы «Кепилдик фонд» ААК ишинин жогорку натыйжалуулугун жана анын өлкөдөгү ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролун тастыктайт», — деп айтылат маалыматта.

«Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде 2023-жылдын аягына карата абал боюнча ата мекендик бизнеске 26,4 млрд сомдон ашык суммада кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, 8,2 млрд сомдон ашык суммага кепилдиктерди берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз