19-февралда президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарында Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өз күчү менен экологияга зыян келтирбей иштете турганын белгилеген. Бул жолугушуудан кийин социалдык тармакта коомчулукту кооптондурган ар кандай божомолдор жазылып, уран темасы чоң талкууга түштү. Чындап эле чочулоого негиз барбы? Президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенине байланыштуу суроолорго жооп берди.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!
— Саламатчылык!
— Балыкчыдагы эл менен жолугушууңуздан кийин ЖМКларда, соцтармактарда уран, Кызыл-Омпол кен жайынын айланасында талкуу жанданды. Кенди иштетүүгө жол ачкан алгачкы кадамдар кандай болот?
— Биринчиден уран кени деп айтуудан алыс болушубуз керек. Бул кенди саясий айдыңда популисттик кылгандар уран кени деп атап алышкан. Муну мен бир жылдан бери дыкат иликтеп чыккан адам катары айта алам.
Бул кенди титаномагнетит кени деп аташыбыз керек. Анткени, руданын 95 пайызын титаномагнетит түзөт.
— титаномагнетит — (95 %);
— фосфор — (3 %);
— цирконий — (2 %);
— торий- (0,22 %);
— уран — (0,17 %) бар.
Мына өзүңүздөр көрүп тургандай дээрлик көпчүлүгү титаномагнетит. Ал эми фосфор, цирконий, торий анан барып 0,17 пайызы уран экенин көрүп турасыңар.
Кандай гана кен байлык чыккан жер болбосун бир эле курам болбойт. Сөзсүз түрдө ар кайсы курамдардын түрлөрү болот. Бирок жогоруда көрүп турганыңардай аз-аздан көлөмдө болот. Мисалы Кумтөрдү алалы. Бир эле алтын курамы эмес, күмүш, жез, күкүрт сыяктуу көптөгөн курамдар бар.
Эми Кызыл-Омполго кайтып келели. Биз титаномагнетитти эле алып, калганын таштап койбойбуз. Руданы ташып барып, Кара-Балтадан ар бирин өз өзүнчө бөлүп алабыз. Андан кийин кайсыл өлкө сураса, ошол өлкөгө чийки зат катары сатабыз. Акчасы түздөн-түз 100 пайыз республикалык казынага келип түшөт.
— Жөнөкөй жарандар экологияга тынчсызданууда. Кызыл-Омполду иштетүү экологияга зыяны бар же жоктугун кимдер аныктайт?
— Уран десе эле чочулай бериштин кереги жок. Биринчи урандын түрлөрүнөн кабардар болушубуз керек. Уран кайсы деңгээлге келгенде коркунучтуу экенин аңдап билип алышыбыз керек. Андан сырткары, титаномагнетиттин курамында 0,17 пайыз дегени бул жокко эсе дегендик. Биздеги урандын коркунучу жок. Биздеги уран чийки зат. Качан гана уранды кандайдыр бир иштерге колдонуу үчүн аны байыткандан кийинки урандан катуу сактаныш керек. Мына ошол уран коркунучтуу болот. Биздеги уранды деле таптакыр коркунучсуз деп айтуудан алыс болушубуз керек. Өзүнчө бөлүп алгандан кийин аны сактоодо, ары-бери ташып жүрүүдө албетте абдан сак болушубуз керек. Адистер тараптан катуу көңүл бурулушу керек.
Ал эми экологияга зыяны тийбейби деген сурооңузга мындай жооп берет элем. Азыркы убакта ошол жерди иштете албайбыз. Эч нерсе өспөйт. Анткени астында урандын жана башка сейрек кездешүүчү баалуу металдардын элементтери бар. Жер астынан чыккан булактардын суусун да ичкенге болбойт. Себеби, суу уранды жана башка металлдарды аралап чыгат.
Ал жердеги рудаларды алып чыгып кеткенден кийин артынан жерлер дароо рекультивацияланат. Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу калдык сактоочу жай да болбойт.
Анткени рудалар ал жерде иштетилбейт. Таза жер калат. Андан кийин ал жерлерди айыл чарба багытындагы иштерге колдонгонго мүмкүн болот. Арпа-буудай, өрүк-алма жана башка жер-жемиш өсүмдүктөрүн олтургузса болот. Булактан чыккан сууларды ичүүчү суу катары колдонсок болот. Себеби уран жана башка элементтердин баары ташылып чыгып кетет да ал жер тазаланып калат. Кум шагылдан башка эч нерсе калбайт.
Ошондуктан урандын дасыккан адисиндей болуп, жөн эле популисттик кылып кыйкыра бериштин кереги жок.
Биз 30 жыл саясат менен кайнай берип, экономикабызды өлтүрүп алыппыз. Кошуна мамлекеттерден эле 50 жыл артта калыппыз. Европа өлкөлөрүн айтпай эле коёюн. Болду эми жетишет. Мамлекет үчүн экономикалык жактан кичине эле пайдасы болсо кандай иштер болбосун аткарып кете беришибиз керек. Эң жок дегенде келе жаткан 10 жылдыкта кошуна өлкөлөргө жетип алалы.
— Кызыл-Омпол биосфералык аймакта орун алганын, андыктан ал жерде өндүрүштүк иштер болбой турганын айткандар бар?
— Биосфералык аймакка кирген болсо ал жагын тийиштүү органдар карап чыгып чечимдерди кабыл алышат. Ал эми өндүрүштүк иштер болбойт. Жөн гана руда ташылып чыгып кетет.
— Көз карандысыз комиссия түзүлсүн деген сунуштар бар. Бул комиссиянын иши ачык болобу? Коомчулукка маалымат берилип турабы?
— Маалыматтар ачык берилип турат. Мамлекет жашыра турган жашыруун иштер жок.
— Кен жайды иштетүүнүн техника-экономикалык негиздемеси качан даяр болот? Негизи эле экономикалык жактан пайдасы канчалык болот?
— Экономикалык жактан пайдасы чоң. Экинчи Кумтөр ачылды десек болот. Ал жерде 10 чакты кен бар. Бир эле кенден 2 миллиард доллардан ашык таза киреше алабыз.
“Кумтөр” былтыр 300 миллион доллардан ашык таза киреше берип, 30 миллиард сомго жакын салык төлөдү. Бул кен да иштеп кетсе пайдасы элге, мамлекетке тиет.
— Сөз болгон кенди мамлекет өз күчү менен иштете алабы?
— 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Күчүбүз да, акылыбыз да жетет. Адистер жетишпей баратса чет өлкөлөрдөн эмгек акыга жалдап келебиз. Ар жылы 50дөй баланы Россияга жиберип, адистикке окутуп келебиз.
— Кызыл-Омпол иштетиле турган болсо казылган уран кимдерге сатылат?
— Ким сураса сата беребиз. Бизге канчалык көп рынок болсо, ошончолук жакшы да. Бир гана торийди сатпайбыз, аны мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша келечек муун үчүн сактап коёбуз. Билесиңерби эмнеге? Келечекте урандын ордун торий басат. 2 тонна уран чыгарган электроэнергияны 1 кг торий чыгарган заман келет. Азыркы чыгып аткан электромобилдерге да келечекте литий эмес, торий колдонулуп калышы толук мүмкүн. Дүйнө ошого бара жатат. Ошондуктан торийди азыр сатып жибербестен сактап койсок. Кийинки муунга жеңил болот.
— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн рахмат.
— Силерге дагы рахмат, ишиңерге ийгиликтерди каалайм.
Маектешкен «Кабар» КУМАНын директору Медербек Шерметалиев.