Четверг, 30 апреля

Соцфондго бир эле айда миңге жакын кайрылуу түшкөн

0

Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь айында 941 кайрылуу келип түшкөн.

Фонддон билдиришкендей, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 41;
  • ооз эки кайрылуулар – 110;
  • Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 11 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 494;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 285.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз