Четверг, 30 апреля

Приднестровье Орусияга кошулгала калды

0

Молдовадагы өзүн Приднестровье жумурияты деп атаган орусиячыл аймак Орусияга кошулууга даярданууда. Аталган аймактын жетекчилиги бүгүн депутаттардын съездин өткөрүп, съезде Орусиянын курамына кабыл алуу өтүнүчү расмий түрдө келтирилээри күтүлүүдө. Съезд бардык деңгээлдеги жергиликтүү депутаттардын конгресси деп аталды.

Жыйындын күн тартиби жарыяланбаса да, жыйында Орусияга кошулуу сунушу ачык айтылары, орус президенти Владимир Путин алардын бул «өтүнүчүн» кабыл алганын эртең Мамлекеттик Думага жасай турган жылдык кайрылуусунда жарыялай турганы болжолдонууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз