Среда, 29 апреля

Ереван ЖККУдан толук алыстап кетиши мүмкүн

0
Никол Пашинян ЖККУга катышууну иш жүзүндө “тоңдуруу” Армениянын уюмда туруктуу өкүлүнүн болбой турганын, өлкөнүн жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышпай турганын түшүндүрөрүн билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, Еревандын ЖККУга катышуусун тоңдуруу “де-юре” да болушу мүмкүн.
“ЖККУда бир жылдан бери биздин туруктуу өкүлүбүз жок, уюмдун жогорку деңгээлдеги иш-чараларына көптөн бери катыша элекпиз. Албетте, ал жерде консенсус принциби иштейт, биз эч нерсеге бөгөт койбойбуз, бирок катышпайбыз дагы, жооп жок болсо, эмнеге катышмак элек”, — деген Пашинян парламентте айткан сөзүндө.
Өткөн жумада премьер-министр Никол Пашинян Ереван ЖККУга мүчөлүгүн токтото турганын айткан. Ал мындай чечимди Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташуу уюму жөнүндө келишим Арменияга карата, өзгөчө 2021-2022-жылдары аткарылбагандыгы менен түшүндүргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз