Среда, 27 ноября

Билим берүү министри орусиялык өнөктөштөр менен 9 мектептин курулушун талкуулады

0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында Орусиялык өнөктөштөр кура турган 9 билим берүү мекемесинин курулушуна даярдык көрүү боюнча жыйын өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыштар департаментинин кеңешчиси Иван Соломоненко жетектеген Орусия Федерациясынын делегациясы катышты.

Орусия Федерациясынын өкүлдөрү курулуштун техникалык деталдарына токтолушуп, мектептердин дизайны, инфраструктурасы бирдей болорун белгилешти.

Жолугушуунун катышуучулары эки өлкө ортосундагы долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз