Среда, 27 ноября

Эрдоган: Газада болуп жаткандар согуш эмес, геноцид аракети

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Газада болуп жаткандар согуш эмес, геноцид аракети экенин айтты.

3-Анталья дипломатиялык форумунда катышуучуларга кайрылуу жасаган Түркиянын президенти Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салууларына токтолду.

Газада бир гана балдар, аялдар жана жарандар мыкаачылык менен өлтүрүлбөгөнүн, миллиарддаган адамдардын эл аралык системага, адилеттикке жана укукка болгон ишениминин да талкаланганына көңүл бурган Эрдоган: «Газада болуп жаткандар согуш эмес, геноцид аракети болуп саналат. Анткени согуштун да адеп-ахлактары, этикалары жана мыйзамдары бар, алар сакталышы керек», — деди.

Израилдин геноцидине жол бербөө үчүн Эл аралык адилеттик сот тарабынан кабыл алынган убактылуу тыюу салуу чечими ачык-айкын болсо да, Беньямин Нетаньяху башкаруусунун басып алуу, жок кылуу жана кыргын салуу саясатын ойлонбой уланта алганын баса белгилеген Эрдоган: «Израилге биринчи күндөн тарта эч кандай шартсыз колдоо көрсөткөн Батыш державалары болсо, эки жүздүү саясаттары менен кан төгүүгө өнөктөш болууда. Сөздөр иш менен колдоого алынмайынча Палестинадагы зулумду токтотуу же эл аралык системага ишенимди калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Эл аралык коомчулук Палестина элине карызын Палестина мамлекетинин түзүлүшү менен гана төлөй алат. Бул үчүн 1967-жылдагы чек аралардын негизинде борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү жана аймактык жактан интеграцияланган Палестина мамлекетинин түзүлүүсү өтө маанилүү. Ушул максатта жоопкерчиликти, анын ичинде кепилдик милдетти алууга даяр экенибизди билдирдик», — деди.

Президент Эрдоган дагы бир жолу эл аралык коомчулукту Газаны жана Палестинаны чын жүрөктөн колдоого чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз