Суббота, 27 июля

Өлкөдө 375 мектепте директордун орду бош

0
Республика боюнча мектеп директорлугуна 375 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигигинин өкүлдөрү билдирди.
Бүгүндөн тарта, сынакка арыздарды кабыл алуу башталат. Конкурстун өзү бир убакта Ошто жана Бишкекте өткөрүлүп, талапкерлер шаарларга келип компьютер аркылуу тапшырышы керек.
Бир адам бир мектепке сынак аркылуу эки ирет дайындала алат, үчүнчү жолу ал башка мектепке конкурс аркылуу дайындалууга укуктуу. Аралыктары беш жылдан. Мектеп директорлугуна 7 жылдык үзгүлтүксүз педагогикалык тажрыйбасы бар, анын ичинде эки жыл директор же директордун орун басары болгондор талапкер боло алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз