Понедельник, 22 апреля

Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинде Кыргызстандын жаңы туусу көтөрүлдү

0

Ушул жылы 29-февралында элчи Омар Султанов жана Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмунун Женевадагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматкерлери БУУнун Женевадагы кеңсесинде Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүү аземине катышты.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, азем БУУнун Ардактуу кароолунун катышуусунда салтанаттуу кырдаалда өттү.

Мамлекеттик желектин жаңыланган дизайны расмий түрдө БУУнун Протоколдук кызматынын реестрине КР мамлекеттик символдорунун ажырагыс атрибуту катары киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз