Вторник, 17 сентября

Март айында кайсыл күндөр дем алыш күн болоору айтылды

0

Кыргызстандыктар 8-март (жума) Эл аралык аялдар күнүнө карата эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Мекемеден белгилешкендей, 8-март расмий дем алыш күнү болгондуктан 7-март кыскартылган иш күнү болуп белгиленген. Ошентип кыргызстандыктар үч күн катары менен 8-9-10-март күндөрү эс алат.

Андан сырткары, 21-март — Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш келгендиктен министрлер кабинети 22-мартты дем алыш күнү деп жарыялаган.

Ал эми 22-марттагы иш күнү 8-апрелге (дүйшөмбү) жылдырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз