Четверг, 19 сентября

Мелис Аспеков 7 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө кесилди

0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту камактагы активист Мелис Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты.

Аспековдун жакындары соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылышарын маалымдады.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалыматты ырастады. 28-февралда чыккан чечимге ылайык Аспеков күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында жаза өтөйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз