Четверг, 19 сентября

Банктар эми жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялай алат

0

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасы «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды.

Башкы финансылык жөнгө салуу органынын сайтында маалымдалгандай, коммерциялык банктар жеке ишкер катары ишкердик менен алектенген, Кыргыз Республикасынын жарандарын — банк кардарларын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мамлекеттик маалыматтык системаларды пайдалана алат. Бул видеобайланыш аркылуу идентификациялоого жана верификациялоого барабар.

Ошондой эле Улуттук банк тарабынан жеке ишкер катары ишкердик менен алектенген идентификацияланган жана аралыктан текшерилген кардарлар үчүн максималдуу баланс белгиленди. Кардарлар — жеке ишкерлер үчүн максималдуу баланс боюнча чектөөлөр электрондук капчык үчүн 1 млн сомду, ал эми чектелген функционалдык банк эсеби үчүн 8 млн сомду түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз