Вторник, 26 ноября

Боррелль: Орусия-Украина согушунун чечүүчү мезгили жакындады

0

Орусия  Украинанын көптөгөн шаарларына сокку урду. Борбор шаар Киевге учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу жасалды.

Одессага жасалган ракеталык кол салууда 14 адам каза болуп, 46 киши жараланды.

Винница шаарында да имарат атылды. Уранды астында кеминде эки адам каза болду.

Орусиянын коргоо министрлиги чек арадагы Курск жана Белгород шаарларына кирүүгө аракет кылган украин күчтөрүнө бөгөт коюлганын жарыялады.

Орус чалгындоо кызматы Белгороддо диверсияга даярданган орус жараны кармалганын билдирди.

Киев Орусиянын маанилүү объектилерине да чабуул жасоодо.

Европа Биримдиги Тышкы иштер жана саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль Орусиянын жай айларында  Украинага масштабдуу чабуул коюшу мүмкүн экенин билдирди. Согуштун натыйжасынын да ошол чабуулдун натыйжасында билинээрин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз