Вторник, 26 ноября

Мэрия жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөргө кайрылды

0
Бишкектеги муниципалдык автобустарда мыйзам бузуулар аныкталып жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирип, жүргүнчүлөрдү жол кире төлөөдөн качпоого чакырды.
Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, борбор шаардагы муниципалдык автобустарда 30 контролёр иштеп, жол кире акысын көзөмөлгө алышууда.
«Буга чейин да бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, жүргүнчүлөр мурда колдонгон талонду жаңы талон катары өткөрүп берген учурлар бар. Мындан тышкары, башка адамдын жеке жеңилдетилген карталарын жана кызыл «Тулпар» карталарын мыйзамсыз колдонуп жүргөн 100дөн ашык жүргүнчү аныкталды. Ал карталар контролерлор тарабынан алынган», — деп жазылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз