Израиль армиясы элди ачка жана суусуз калтырып, жардамдардын кирүүсүнө тоскоол болуп гуманитардык апаатты алып келген Газа тилкесине кол салууларында акыркы 10 күндө 859 палестиналыкты өлтүрдү.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 161 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинде акыркы 24 саатта дагы 149 палестиналыкты өлтүргөнү, Газада каза болгондордун санынын 31 миң 490го жеткени белгиленди.
Израиль күчтөрүнүн акыркы кол салууларында дагы 300 палестиналыкты жарадар кылганы жана Газа тилкесинде жаралангандардын жалпы санынын 73 миң 439га жеткени кабарланды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги, урандылардын астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албаганын маалымдады.