Түркия Өзбекстан менен көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрөт
Стамбулда Түркия президентинин администрациясынын демилгеси менен “Мезгилден тыш цивилизация: Өзбекстан” деген темада симпозиум ачылды.
Симпозиум түркиялык İnsan ve Medeniyet Hareketi (İMH), Түркиянын маданият жана туризм министрлиги, түркиялык Кызматташтык жана координация (TIKA) жана Мармара, Стамбул университеттеринин уюштуруучулук колдоолору менен өтөт.
Симпозиумдун ачылышы Мевлевихананын (суфийлик дервиштер окуган медресе) Бахарие районунда болду.
Жазуучу, каллиграфист жана эбру искусствосунун чебери, профессор Угур Дерман Өзбекстандын Бухара жана Самарканд шаарлары Осмон падышачылыгы учурунда да, бүткүл ислам дүйнөсүндө маанилүү рол ойногондугун маалымдады.
Анын айтуусунда, Өзбекстан мусулмандар үчүн маанилүү.
“Меккеге жөнөгөн өзбекстандык зыяратчылар Стамбулдагы Эйюпа Султан мечитине сөзсүз кайрылып өтүшкөн. Ансыз алар өздөрүнүн зыяратын аягына чыкпай калды деп эсептешкен. Ошондуктан алар караван жолу менен Бухара жана Самарканддан Стамбулга келишкен”,- деди Дерман.
Меккеден келишкен соң өзбек зыяратчылары дагы бир ирет Эйюпа Султан мечитине сөзсүз кайрылышып, мекенине жол тартышкан деди профессор.
Окумуштуулар, искусство кызматкерлери, симпозиумдун башка катышуучулары миниатюралар, каллиграфиянын үлгүлөрү, эбру жана башка искусствонун түрлөрү көрсөтүлгөн “Мезгилден тыш цивилизация: Өзбекстан” көргөзмөсүнө чоң кызыгуусун көрсөтүштү.
Симпозиумдун максаты – Түркия жана Өзбекстандын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Экинчи симпозиумду үстүбүздөгү жылы 7-15-сентябрда Ташкентте өткөрүү пландаштырылууда.