Вторник, 14 мая

Мадумаров: Чындык ийилбейт дагы, сынбайт дагы

0

26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго карата чечим чыгарды. Сот Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген жок. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырды.

Адахан Мадумаров болсо, өзүнө карата чыккан сот чечими мыйзамсыз болгонун билдирди. “Мына прокурор айтып жатат мыйзамсыз деп. Бирок, Мадумаровду күнөөлүү деп таап берсеңер деп жалдырап отурганы — жапайычылык. Ошол Жогорку Кеңешке жеткирбей, барбай калса дешти. Муну түбү жакшы эмес. Чындык ийилет бирок сынбайт дейт. Мен айттым, чындык ийилбейт дагы, сынбайт дагы”, — деди Мадумаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз