Суббота, 30 ноября

Дыйкандардын нааразычылыгы Лондонго жетти

0

Британиянын борбор шаары Лондондо «Британ айыл чарбасын сактап кал» платформасынын чакырыгы боюнча парламенттин жанына чогулган дыйкандар жүздөгөн трактор менен өкмөттүн айыл чарба саясаттарына каршы чыгышты.

Дыйкандар өкмөттүн арзан азык-түлүк импортуна нааразылык билдирип, борбор шаар Лондондо тракторлору менен митингге чыгышты.

Тракторлору менен конвой түзгөн дыйкандар, азык-түлүк өндүрүшүнүн колдоого алынбагандыгын айтып өкмөткө реакция көрсөтүштү.

Дыйкандарга колдоо көрсөтүү максатында парламент аянтына чогулган демонстранттар «Дыйканар болбосо, айыл чарба да жок, келечек да жок» деген баннерлерди кармап турушту.

Британ фермерлери азык-түлүктүн арзан импорту жана колдобогон саясаттын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун тобокелге салып жатканын айтышууда.

«Британ айыл чарбасын сактап кал» платформасынын негиздөөчүсү Лиз Вебстер: «Биздин эң чоң рыногубуз болгон Европа менен ортобузда тоскоолдуктар бар. Бирок Европадан келген продукциялар эркин жүрүү укугуна ээ. Бул да биздикинен сапаты төмөн продукциянын британиялык товарлардын алдына өткөнүн билдирет. Супермаркеттер ал товарларга артыкчылык беришет, анткени алар арзан жана биздин дыйкандар менен бизнес кылууну токтотуп жатышат», деп айтып: «Алар бизди парктын кароолчусу кылып, жаратылышка кам көрүшүбүздү каалашат. Дыйкандар Британияда неолит доорунан бери дыйканчылык кылып келишет. Биз тамак-аш өндүрүү менен бирге жаратылышка да кам көрө алабыз. Биз муну миңдеген жылдардан бери жасап келебиз. Биз парктарды кайтаруучу эмеспиз, дыйканбыз жана азык-түлүк өндүрүүдөбүз»,-деди.

Вебстер ошондой эле Англияда иштетилген же таңгакталган импорттолгон азыктардагы Британиянын желегин сынга алып, «Бул толугу менен алдамчылык жана туура эмес»,- деп билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз