Суббота, 27 апреля

Илимпоздор уйкунун жаштыкка тийгизген таасирин изилдешти

0

Бир ай бою толук уктаган адамдар өздөрүн өздөрүнөн болжол менен 6 жашка кичирээк сезээри аныкталган.

Швециядагы Каролинска институтунун изилдөөчүлөрү жетиштүү уйку менен уйкусуздуктун жаш курагы менен байланышын изилдешкен.

Изилдөөнүн алкагында 18-70 жаштагы 429 адам менен жүргүзүлгөн биринчи изилдөөдө адамдар акыркы бир айда канча түн уйкусу канбаганы жана жетиштүү уктай албай калган күндөрүндө канча жашта экени суралган.

Алынган маалыматтар психологиялык изилдөөдө колдонулган стандарттык шкала боюнча бааланган.

Биринчи изилдөөнүн натыйжасында илимпоздор адамдар толук уктабаган ар бир күн үчүн 3 айга улгайганын, ал эми акыркы бир айда толук уктагандар 6 жылга жаш сезишкенин билдиришкен.

Экинчи изилдөөдө 18-46 жаштагы 186 ыктыярчы эки күн катары менен 4 саат уктаганда өзүн кандай кары сезгени изилденген.

Текшерүүлөрдүн натыйжасында эки күн катары менен 4 саат гана уктаган ыктыярчылар болжол менен 4,5 жашка улуураак сезилери аныкталган.

Окумуштуулар эртең менен сергек болууну жакшы көргөндөр менен түнкүсүн сергек болууну жакшы көргөндөрдүн ортосунда уйку жоготууга жооп берүү айырмаланарын байкашкан.

Эртең менен сергек болууну каалаган адамдар аз уктаганда түнкү адамдарга караганда карыраак сезишери, ал эми 9 саат уктаса жаш сезишери аныкталган.

Изилдөө макаласы «Proceedings of the Royal Society B» журналында жарыяланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз