Суббота, 27 апреля

Кочкор-Атада жаш жигит спецназга кол салды (Видео)

0

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында шектүүнү кармоо учурунда анын уулу спецназга кол салган.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, Ноокен РИИБге О.Т. аттуу жаран арыз жазып, анда Кочкор-Ата шаарында белгисиз алты адам жеке күзөт агенттигинин кызматкерине кол салып, таш, кирпич жана таяк менен куралданып сабашкандыгы тууралуу билдирген. Окуя ушул жылдын 4-мартында болжол менен саат 09:30да болгон.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Н.С. аттуу Ноокен районунун тургуну бир нече жолу суракка чакырылып, бирок келбей жүргөн.

27-мартта Кочкор-Ата шаарында кылмышка шектүү кармалып, ал каршылык көрсөткөндүктөн ага күч колдонулган. Бул учурда анын 2006-жылы туулган уулу спецназдын кызматкерлерине кол салган. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү делген Н.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз