Суббота, 27 апреля

Министрлик Орусиядагы жарандарга карата эскертүү жарыялады

0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана популярдуу Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Орусиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн активдүү жалдоо жүрүп жатканын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштеп, аялуу адамдарга, депрессияга кабылган же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылгандарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу жабырлануучуларды аныктоодо.

Өкүлчүлүк Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

Ошол эле учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги террордук актыга катышуу Орусия Федерациясынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз