Четверг, 9 мая

Алтун: Эртеңки шайлоо Түркиянын демократиясынын көрсөткүчү болот

0

Түркияда эртең жергиликтүү шайлоолор өтөт. Буга карата Түркиянын президентинин администрациясынын коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун атайын макала жарыялады. Макала Түркиянын күчтүү саясий маданиятынан, өнүгүүгө карата болгон аракеттерине чейинки кеңири спектрдеги маселелерди камтыган.

Фахреттин Алтун өзүнүн макаласына: “2024-жылдын 31-мартындагы жергиликтүү шайлоолор Түркиянын демократиясынын көрсөткүчү болот, биз муну өнүгүү жолубуздагы маанилүү этап катары көрөбүз” — деп баштап, Түркиянын 1946-жылы көп партиялуу система киргизилгенден бери үзгүлтүксүз, адилет жана ачык шайлоолор өткөрүлгөн өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, Түркиядагы шайлоолордун көз карандысыз соттордун жана Жогорку шайлоо кеңеши (YSK) сыяктуу институттардын көзөмөлүндө өтөөрүн белгиледи.

Алтун Түркиянын урнага болгон ишенимге таянган өнүккөн саясий маданиятка ээ экенине көңүл буруп, төмөнкүдөй пикирин билдирди:

“Түркиянын демократиялык баалуулуктарга берилгендигин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон инновациялык көз карашын баса белгилеген 31-марттагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоосу, улуттук жана эл аралык аренада чоң мааниге ээ. Ошол эле учурда коопсуз жана адилеттүү түрдө жүргүзүлгөн шайлоо өнөктүктөрү, үгүт-насааттар үчүн түзүлгөн шарттар, Түркияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген өзгөчө маанини көрсөтөт. Бул Түркиянын аймактагы демократиялык жетилген алдыңкы өлкөлөрдүн бири экендигинин белгиси. Калктын муктаждыктарын жана суроо-талаптарын канааттандырууда негизги көмөктөш болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, доордун шартына ылайыктуу максаттары жана көз караштары бар экендиги, бул процесс элдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине демократиялык катышуусу менен бекемделип, чоң ролду ойной тургандыгы күмөнсүз”.

Алтун адилет, ачык жана үзгүлтүксүз шайлоонун заманбап демократиянын эң негизги элементи экенин баса белгилеп, 2023-жылдын 14-майында өткөрүлгөн президенттик жана парламенттик шайлоолордо Түркиянын Экономикалык кызматташтык жана өнугүү өлкөлөрү арасында, шайлоого эл эң көп катышкан 3-өлкө болгонун белгиледи.

Жекшемби күнү боло турган жергиликтүү шайлоолордун түрк элинин демократиялык процесстерге дагы активдүү катышуусуна шарт түзө турганын баса белгилеген Алтун: “2024-жылдын 31-мартындагы жергиликтүү шайлоолорду Түркиянын демократия саякатындагы маанилүү этап катары көрөбүз. Бул шайлоо Түркиянын аймактык лидерлик көз карашын дагы да күчтөндүрүүчү кадам деп ойлойбуз жана өлкөбүздүн демократиялык жетилгендигин жана социалдык катышуусун арттырган маанилүү иш-чара катары кабыл алабыз” – деди.

Алтун, Түркиянын жергиликтүү өзүн өзү башкарууга инновациялык муниципалитет перспективасында караганын, технология жана туруктуу өнүгүү долбоорлору аркылуу ачык-айкын жана түздөн-түз жарандарга багытталган башкаруу аркылуу элдин жашоо сапатын жакшыртууну максат кылганын белгилеп, мындай деди:

«Бул көз караштын алгачкы кадамы жана конкреттүү мисалы болгон 1994-жылдагы жергиликтүү шайлоолор менен Стамбул шаардык мэриясын башкаруу милдетин алган президентибиз Режеп Тайып Эрдоган мырзанын жетекчилигинде Түркия муниципалитет деңгээлинде элдин жашоо сапатын жогорулатуу боюнча маанилүү кадамдарды таштады. Биз 30 жыл мурун президентибиз тарабынан белгиленген кызмат саясатын карманабыз. Бийик максаттарды жана көрөгөчтүктү кармануу биздин муниципалитеттердин негизги саясий көз карашын түзөт”.

Фахреттин Алтун макаласын мындайча улады:

“Түркия бул көз караштын алкагында аймактык жана глобалдык оюнчу ролун талап кылып, демократиялык стандарттарын көтөрүү, кирешесин жана бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу менен түрк кылымын куруу үчүн аракет кылат. Түрк дүйнөсүндөгү аймактык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү кеңейтүү аркылуу үстүбүздөгү кылымдын Түрк Кылымы болуусун камсыздоо бул мезгилдеги приоритеттүү багыттарыбыз болуп кала берет. Биздин эң негизги саясий урааныбыз – Түрк мамлекеттери уюмун түрк дүйнөсүнүн көйгөйлөрүнө туруктуу чечим табууда дагы да эффективдүү жана натыйжалуу кылуу. Түркиянын саясий сезимталдыктарын урматтоо, өзгөчө ФЕТО жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшүү, достук жана боордош түрк дүйнөсүнөн негизги күтүүбүз”.

Макаласынын аягында Алтун, 31-марттагы жергиликтүү шайлоолор, ички жана тышкы динамикасы жагынан Түркиянын келечектеги он жылдыктарына таасир тийгизээрин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз