Суббота, 27 апреля

Бишкекте өзгөчө кырдаал үч күнгө созулат

0

Бишкекте катуу шамалдан улам үч күнгө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда комиссия иштеп жатат, анын корутундусунун негизинде калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Ал белгилегендей, ушул тапта 26 социалдык объектте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Шамыралиев кошумчалагандай, 28-мартта шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен, ал эми секундасына 25 метрге жеткен шамал бороон-чапкын болуп эсептелет.

«Шаарда 70 бак кыйылып, буга чейин алынып салынган. Санитардык тазалоо иштери уланууда. Бүгүнкү күндө дээрлик бардык кесепеттер жоюлуп, калыбына келтирүү иштери уланууда», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз