11-16-апрель аралыгында Бишкек шаарында спорттук күрөш (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда чемпионатка катышуу үчүн Азиянын 30дан ашык мамлекети билдирүү берди.
«Чемпионатка Кыргызстандан Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар катышат», — деди ал.
Турганбаев учурда спортчулардын даярдыгы жакшы экенин айтып, спорттук иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 16 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.