Орозо айт намазы 10-апрелде Ош шаарындагы борбордук аянтта окулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айт намаз таңкы саат 07:30да башталат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.