Индонезияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болгону кабарланды.
Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) жер титирөөнүн эпицентринин өлкөнүн чыгышындагы Халмахера аралындагы Тобело аймагынан болжол менен 149 километр түндүк-батышта болгонун жарыялады.
Күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө 35 чакырым тереңдикте катталган.
Жабыркагандар болбогон жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилген жок.
