Четверг, 10 сентября

Италияда НАТОго каршы уюштурулган митингде уруш чыкты

0

Италиянын Неаполь шаарында НАТОго каршы жүрүшкө коопсуздук күчтөрүнүн катуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында 8 киши жараланды.

Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда НАТОнун курулушунун 75 жылдыгынан улам Неаполдун тарыхый Сан-Карло театрында боло турган концерттин алдында окуялар болду.

НАТОго жана сөз болуп жаткан концертке каршы чыгууну каалаган студенттерден жана палестиналык колдоочулардан турган топ шаардын тарыхый туристтик Толедо проспектисинен Сан — Карло театрын көздөй басышты. Полиция театрдын айланасында кеңири коопсуздук чараларын көрүп, топту токтотту.

Колдорунда «Согуш театры? Неаполдо НАТОго орун жок» деп жазылган плакаттар менен жүрүшүн улантууну каалаган студенттер менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты.

Полиция топко союлдар менен катуу кийлигишти жана митингге чыккандар полицияларга колдорундагы факелдер менен каршылык көрсөтүштү.

Митингчилер менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында чыккан кагылышууда  8 студент жараланды.

Неапол шаарында НАТОнун биргелешкен күчтөрүнүн командирлиги жайгашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз