Пятница, 3 мая

Иран-Израиль тирешинин максаты эмне?

0

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров батыштын эл аралык коомчулуктун көңүлүн Газадагы окуялардан Иранга бурууну каалагандыгын белгиледи.

Лавров Орусиянын маалымат каражаттарына маек берди.

Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалууга да токтолгон Лавров Орусиянын Иран жана Израиль менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүнө көңүлдөрдү буруп: «Бул сүйлөшүүлөрдө  Ирандын чыңалууну каалабагандыгы тууралуу көз карашын  ачык белгилеп,  израилдиктерге билдирдик», — деди.

Батыш өлкөлөрдүн  Ирандын өзөктүк курал колдонууну каалап жатат деген билдирүүлөрүнө баа берген Лавров: «Бул жерде сөз болуп жаткан нерсе, эл аралык коомчулуктун гуманитардык абал оор болгон Газа тилкесиндеги окуялардан көңүлдөрдү  Иран коркунучуна буруу каалоосу жана  максаты сөз болууда», — деди.

Лавров Ирандын өзөктүк куралга ээ эмес экендигин, мунун Эл аралык өзөктүк энергетика агенттиги тарабынан аныкталгандыгын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз