Пятница, 3 мая

Украина Орусияга кайсыл учурда жеңилээри айтылды

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс, эгер өлкөсү кошумча аскерий жардам бербесе Украина жылдын аягына чейин «Орусияга каршы согушта жеңилип калышы мүмкүн» деп эскертти.

CNN телеканалынын маалыматына караганда Бернс, Техастагы Жорж Буш борборунда өткөрүлгөн «2024-жылдагы Лидерлик форумунда» 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу билдирүү жасады.

Эгер АКШ көбүрөөк аскерий жардам бербесе Украинанын 2024-жылдын аягына чейин согуш талаасында жеңилип калуу коркунучу өтө жогору экенин айткан Бернс: «Украинанын ок-дарылары түгөнүп баратат, биздин да аларга жардам берүү үчүн убактыбыз түгөнүп баратат»,- деди.

Бернс АКШнын Украинага колдоо көрсөтүүнү кийинкиге калтырбашы керектигин эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз